«Авангард-Строй» курулуш компаниясынын башчысы кармалды

УКМК кечээ, 26-январда сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын 2 жооптуу кызматкери жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси кармалганын маалымдады. Атайын кызматтан мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөнүн билдиришти.

Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 миллион 607 миң 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды. Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Кармалгандар Нарын шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.