«Авиабилет сатып берем деп 800 миң сом алган». Алдамчылыкка шектүү кармалды

Авиабилет сатып берем деп ишенимге кирип 800 миң сомду алып, качып жүргөн алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул  тууралуу Свердлов РИИБиден билдиришти.

«13-июнь күнү милицияга жарандардын бири ишенимине кирип, авиабилеттерди сатып берем деп 800 миң сом акчасын алып, май айынан бери бербей качып жүргөнүн айткан арыз түшкөн. Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында алдамчылыкка шектелип 1986-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушуга окшош башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогу такталууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.