Автобуста кыздын чөнтөгүнөн телефонун уурдап алган шектүү видеого түшүп калган

Видеокөзөмөл камерасында белгисиз эркек киши автобуска кирген кызга жакындап келип, пальтосунун ачык чөнтөгүнөн уюлдук телефонду тымызын уурдап кеткенин көрүүгө болот.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 31-январда кечинде №42 автобуста пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 140 миң сомдон ашкан iPhone 15 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү суранган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “уурдоо” менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Тырыш” каймана аты менен белгилүү болгон 1990-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Ал өзү Жалал-Абадда туулган, учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жашайт. Мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жети жолу соттолгон. Мындан тышкары, ал буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча РИИБге жеткирилген.