«Автобустун мас айдоочусу артындагы унааны сүздү» деген видео боюнча милиция маалымат берди

Кечээ, 23-сентябрда социалдык тармактарда «Автобус айдоочусу мас экен, бул Мерседес унаасын артка айдап, сүзүп салды» деген видео тараган. Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, видеонун автору жалган маалымат айтканын билдиришти.

«№52-маршруттук каттамдын айдоочусу өзүнүн маршруттук каттамына чыгып, биринчи аялдамага токтоп жүргүнчү алып жаткан учурда артында келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен пикир келишпестиктен окуя жаралган. Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлер тарабынан аталган маршруттук каттамдагы автобустун айдоочусу текшерилди. Арак ичимдиги ичпегендиги жана автобус унаасында жол кырсыгына кабылбагандыгы аныкталды. Ал эми Мерседес унаасы автобусту айланып өтүү аракетинде артка айдаган учурда аркасында токтоп турган унааны сүзүп материалдык чыгым келтирген. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.