Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Социалдык тармактарда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү авто унаа жолдогу башка айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коопту абал жаратып, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган. Бул факты боюнча ЖКККББнын кызматкерлери эреже бузган авто унааны издеп таап, 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту.

Урматтуу жарандар эгерде көчөлөрдөн мына ушундай эреже бузуу фактыларына күбө болсоңуздар, 0779 102-102 ЖКККББнын ишеним ватсап номуруна жөнөтүп койсоңуздар болот. Тийиштүү чаралар көрүлөт.