Автоээнбаштык жасоого себеп болгон айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду

Чүй облусунун “Бишкек-Ош” унаа жолунда эвакуатордун үстүндө кыздардын тулку боюн унаадан чыгарып бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Чүй облусунун ИИББ боюнча ЖКККБнын издөө тобунун жана Жайыл районун ЖКК бөлүмүнүн издөө кызматкери тарабынан аталган унааны ыкчам табылып, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусуна Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесине ылайык 15 миң сом айып салуу менен унаасын айып короо жайына токтотушту. Ошондой эле унаадан башын чыгарган кыздарга да коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүлөт.