«Аял жаракат алган». Бишкекте 71 жаштагы аялды тоноого аракет кылган жаран кармалды (видео)

Аялды тоноого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«24-июлда саат 16:30 чамасында Бишкек шаарында белгисиз жаран 30-35 жаштар чамасындагы аялды тоноо үчүн ага кол салган. Аял подъездге кирип бара жатканда жаран артынан келип, колундагы сумкасын алып качууга аракет кылган. Аялдын колунан сумкасын жулуп кетүүгө мүмкүн болгон эмес, бирок ал жерге кулап, жаракат алган. Шектүү изин жашырган»,— деп айтылат маалыматта.

Кесепетинен 1951-жылы туулган аял аймактык ооруканага жеткирилген. Аталган факты Свердлов РИИБге катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылиышка шектелип, 1994-жылы туулган жаран кармалган. Анын буга чейин унаа уурулук боюнча бир нече жолу жоопко тартылганы аныкталган. Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.