«Аял ооруканага жаткырылган». Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен (видео)

Милициянын кайгуул кызматы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

26-сентябрда саат 16:20 чамасында айдоочу Ибраимов көчөсү менен келе жатып, Чүй кең көчөсүнөн жаранды сүзүп кеткен. Кесепетинен жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Кылмышка шектелип Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу аныкталып, тергөөгө жеткирилген.