«Аялды өрттөп жиберген». Кыргызстанда туулуп, Орусияда жашап жаткан адамдын 90-жылдардагы кылмышы ачыкталды

Орусиянын Тергөө комитети Томск облусунун тургунуна козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады. Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен коомчулукка коркунуч жаратып адам өлтүрүү) боюнча айыпталууда.

Айыптоочу тараптын айтымында, 1995-жылдын октябрь айында Кыргыз ССРинин жашоочусу Томск шаарынын Усть-Киргизка көчөсүндө убактылуу жашаган тургуну менен уруша кеткен. Аял аны кууп чыккысы келгендиктен алар уруша кетишкен. Жаңжал учурунда киши ага күйүүчү суюктук чачып, өрттөп, андан соң качып кеткен. Аял алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Ал учурда шектүү 25 жашта болгон. 

Кылмыштын бетин Криминалистика башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери аныкташкан. Иштин материалдары сотко жөнөтүлгөн.