Аялды өзүнө кол салууга чейин жеткирүүгө шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Аялды өзүнө кол салууга чейин жеткирүү фактысы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Март айынын ортосунда ички иштер органдарына арыз келип түшүп, анда мурда бир нече жолу соттолгон адам аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Арызында чала тааныш адам аялдын ишенимине кирип, анын баасы 5000 АКШ доллары турган “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасын сатууга көндүрүп, акча каражатын карызга алганы айтылат.

Андан соң, карызын кайтарып берүүнүн ордуна аны ар дайым аңдып, өлтүрөм деп коркутуп, стресстик абалга жеткирген. Анын кесепетинен аял өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Октябрь райондук милициясы Жазык кодексинин 136-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматы дагы тартылган.

«Жакында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар адамдын өздүгү такталып, кармалды. Кармалган жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы М.К. аттуу тургуну. Ал мурда да соттолгон. Алынган маалымат боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Иликтөө жүрүп жатат», — дешти министрликтин басма сөз кызматынан.