«Аялы арыз жазуудан баш тартты». Жалал-Абадда сууга боюн таштап, көз жумган кишинин майыптыгы болгон

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Жалал-Абадда суудан эркек кишинин жансыз денеси табылганын билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБ маалымат берип, маркумдун 2-топтогу майып экенин, аялы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартканын маалымдады.

«11-апрель күнү саат 11:20 чамасында 2-топтогу майып, Майлуу-Суу шаарынын 1957-жылы туулган тургуну үйүнүн жанынан агып өткөн Майлуу-Суу дарыясына боюн таштап сууга чөгүп каза болгон. Бул окуя Майлуу-Суу ШИИБге «өзүн өзү өлтүрүү» болуп катталган. Каза болгон жарандын 1962-жылы туулган аялы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан»,— деп айтылат маалыматта.