«Аялым айдаганды билбейт» дейт Бишкекте унаага чапташкан бойдон жол кырсыкка кабылган киши

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Окуя боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат берип, факты катоого алынганын билдирди. Учурда видеодогу жарандар изделип жатканы маалымдалган.

Видеонун автору чырдан кийин аял күйөөсүнөн унаа менен качып кетүүгө аракет кылганын, бирок күйөөсү Хонда Фитке жармашып алганын айткан. Аял унааны айдаган бойдон чоң жолго чыккан. Видеодон көрүнгөндөй, аял унааны башкара албай калып, унаанын үстүндөгү киши менен арыкка кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен киши унаадан оодарылып, дубалга тийген. Бирок бул ордунан туруп, аялынын артынан чуркоого тоскоол болгон эмес. Окуяга күбө болгондордун кийлигишүүсүнө чейин ал аялды бир нече жолу чапканга жетишкен.

Социалдык тармактарда видеонун уландысы жарыяланды. Анда бети-башы кан болгон жаран аялынын унаа башкарганды билберин айтат. «Үстүндө болчумун. Башым айланып кетти. Ал айдаганды билбейт да. Алдынан тоссом айдап эле кетип атпайбы», — дейт ал.