Аялын аёосуз сабаган жаран изделүүдө. Ал — чет өлкөлүк жаран

14-март күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, ал жолдошуна карата чара көрүүнү суранган. Аял жолдошу ошол күнү түнкү саат 00:00 чамасында үйүндө 4 саат бою сабап, денесине залал келтиргендигин айткан. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май раондук милициясынан маалымдашты.

Бул факты каттоого алынып, 139-берене (өмүргө жана ден соолукка зомбулукту колдонуу жана коркутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Азыркы тапта Түркиянын жараны болгон аялдын жолдошун кармоо жана жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 15-мартта жабырлануучу соцтармактагы баракчасына жолдошу тарабынан сабалганын жазып, сүрөттөрү тиркелген билдирүү жарыялаган. Анын айтымында, жолдошу аны өлтүрүүгө аракет кылган. «Ал адам даярдык көрүп, ашканадагы бардык бычактарды мешке коюп жылыткан. Мен анын эмне кылгысы келгенин билбейм, балким мени жиликтегиси келгендир же сүрөттөгүдөй кылып бетимди күйгүзгүсү келгендир» деп жазган жабырлануучу.