Аялын жерге жаткырып алып, балдарынын көзүнчө тепкилеп жаткан жаран кармалды

Кечээ, 6-декабрда соцтармакта күйөөсү аялына зомбулук көрсөтүп жаткан видео тараган. Видеодон киши аялын жерге жаткырып алып, балдарынын көзүнчө тепкилеп жатканын көрүүгө болот.Окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 25-ноябрда Ак-Суу РИИБге Ак-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызда жолдошу тарабынан көп убакыттан бери зордук-зомбулука кабылып келгенин билдирген.

Аталган факты Ак-Суу РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган.

Текшерүү учурунда арыз ээси жолдошу менен 2010-жылы турмуш куруп, төрт баласы бар экенин билдирген. Жолдошу менен жашап жүргөн мезгилде көп жолу эч себепсиз уруп-сабап, ыплас сөздөр менен кордогонун айткан. 3-март күнү келин сабалгандан кийин Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Ал ошол учурда жаш балдарын ойлоп, «жыгылып кеткем» деп айтканын билдирген. Ооруканадан кийин дагы үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, мойнунан муунтканын көрсөткөн.

Ошондой эле, ал август айында ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Андан тышкары, 20-ноябрда Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылганын, бирок жолдошу орой мамилесин токтотпой, уюлдук байланыш аркылуу коркутуп, ыплас сөздөр менен сөгүп, видео тасмаларды жөнөтүү менен келиндин аброюна шек келтирип жатканын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, “анча оор эмес дене жаракатын алган» деп аныктаган.

Жогорудагы фактылар боюнча, 5-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. 6-декабрда шектүү жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, камакка алынган.