«Аялын өлтүрүп, сот жообуна тартылган». Нарында өз кызын зордуктап жүргөн ата 15 жылга эркинен ажыратылды

Жумгал районунда 13 жаштагы өз кызын зордуктап жүргөн деп айыпталган 54 жаштагы кишиге сот өкүмү чыкты. Ал 15 жылга эркинен ажыратылып, аталык укугунан да ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Жумгал райондук сотунун чечими менен Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-пункту менен күнөөлүү деп табылган.

Мындан эки ай мурда Нарын ОИИБи маалымат таратып, Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну узак мезгилден бери 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөн деп айыпталып жатканын билдирген. Мындан тышкары, анын аялын өлтүрүп, 2018-жылы жазасын өтөп чыкканы тастыкталган. Өз көрсөтмөсүндө кызы менен 2021-жылдын июль айында 1 жолу жыныстык катнашта болгондугун айткан. Ал эми өспүрүм 2 жылдан бери жыныстык катнашта болуп келгендигин билдирген.