«Аялына 16 жолу бычак сайган». Киши өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Бишкекте киши өлтүрүүгө аракет жасаганга шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

2022-жылдын 16-июлунда Улуттук хирургия борборунан 1984-жылы туулган М. Г. аттуу айым бычак менен жабыркап ооруканага түштү деген маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып,текшерүү жүргүзгөн учурда маалымат тастыкталып, шектүү катары 1973-жылы туулган Х. К. аттуу бычактан жаракат алган айымдын өзүнүн жолдошу кармалып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

Текшерүү учурунда шектүү жаран өзүнүн аялына 16 жолу бычак сайганын тастыктаган.