«Аялына болгон кызганычтан улам». Сокулукта 30 жаштагы жаран киши колдуу болду

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

8-декабрь күнү саат 13:30 чамаларында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринен 30-35 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу малымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталып, ал 1991-жылы туулган жаран экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1989-жылы туулган жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү менен маркум экөө ичимдик ичип отурушуп, кызганычтан улам уруша кетишкен, жыйынтыгында 1991-жылы туулган жаран каза болгон. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланылууда.