«Аю» уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартканын айтты (видео)

“Аю” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК жана Талас ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүнө карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Аю» кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты.

Ошону менен бирге ал мындан ары өлкөнүн мыйзамдарын сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттенерин айткан.