Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров суракка чакырылганын ИИМден ырасташты

Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө Фейсбук социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир-аль-Ислами» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган Руслан Бекназаров ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды.