“Азия Молл” соода борборунда бомба коюлган деп чалынган телефондун ээси аныкталды

УКМК кечээ, 20-январда Бишкек шаарындагы “Азия Молл” соода борборунун имаратына жардыруучу зат коюлган делген боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында маалымат таратты.

Жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана соода борбордун коопсуздук кызматы менен биргеликте соода борборунун кардарлары жана кызматкерлери эвакуацияланган. ИИМдин кинология кызматы тарабынан имараттын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жарылуучу жана башка коркунучтуу заттар табылган эмес, ошондуктан саат 19:00дө соода борборунун иши кайра жандандырылган.

Ошол эле учурда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюлдук номурдун ээси Кыргыз жараны аныкталып, бул кылмышка катыштыгы бар экени такталууда, ошондой эле окуянын башка жагдайлары териштирилүүдө.