Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда чыккан өрт чектөөгө алынды

«Азия Молл» соода борборунда чыккан өрт саат 17:28де чектөөгө алынды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ачык өрт болгон эмес.

Буга чейин «Азия Молл» соода борборунун чатырында өрт чыкканы маалым болгон. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм жана 1 автошаты тартылган.