«Азия Моллдо» табылган граната. Кылмыш иши козголду

Милиция 11-августта “Азия Молл” соода борборундагы унаа жуучу жайда Тойота Камри унаасынын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылганын билдирген. Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында табылган затка экспертиза дайындалган.

Ленин РИИБден билдиришкендей, табылган зат жараксыз абалдагы РГД-5 гранатасы экени аныкталган. Аны сыноо учурунда граната жарылган эмес. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө уланууда.

Буга чейин жеке ишкер Илгиз Шаменов журналисттерге унаасынын астынан граната табылганын билдирген.