Азиз Суракматов УКМКга суракка чакыртылды

Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматов УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мыйзамсыз баюуга байланышкан кылмыш иштин алкагында күбө катары чакырылган.

Ал 2018-жылдын августунан 2020-жылдын октябрына чейин борбордун мэри болуп эмгектенген.