Баасы 92 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жалпы баасы 92 миллион 509 миң 500 сомду түзгөн 0.54 гектар жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушундагы Тыналиев жана Бакаев көчөлөрүнүн арасындагы, Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабынан орун алган (түштүк магистраль) жер тилкелер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Маалыматка караганда, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жыл ичинде жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “кызыл сызыктардан” тышкары турган жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануусундагы жерлерди 10 тилкеге бөлүп, турак үй куруу үчүн жеке жактарга берип салышкан. Жогорудагы жер тилкелерге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн прокуратура тарабынан сотко тийиштүү доо арыздар киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен толук канааттандырылган.  Ошондой эле, Бишкек шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, кыймылсыз мүлк мамлекеттин балансына кабыл алынды.