«Байкатпай алып, чөнтөккө салып». Бишкекте жаран соода борбордогу кылыгы үчүн милицияга жеткирилди

Социалдык тармактарда соода борбордо байкатпай телефонду алып, чөнтөгүнө салып кеткен жарандын видеосу тарап жатат. Видеодогу шектүү кармалганын Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, келтирилген чыгым 128 миң сомду түзгөн. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Кылмышка шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалып, тергөөгө келип турууну убадалап, бошотулду.