«Байкем болбосо, мен эмне болмокмун, билбейм». Айдоочуну аткан жарандын карындашы окуянын чоо-жайын айтып берди (видео)

Кечээ, 1-июлда Чүй облусунда карындашына болушам деген агасы кордогон адамды атып алганы тууралуу маалымат тараган. Айдоочудан кордук көрдүм деген Асел Жумакулова окуянын чоо-жайын айтып, элге кайрылуу жасады.

— Менин үй-бүлөмө кырсык түшөт деп эч ойлогон эмесмин. Бүгүн эртең менен адаттагыдай саат 7:45те жолдо бараткан унаага отургам. 40-45 жаштагы сакалчан айдоочуну көрүп, оюма эч нерсе келген эмес. Кичине жүргөндөн кийин ал күтүлбөгөн жерден ылдамдыкты көбөйтүп, музыканын үнүн бийиктетип койду. Жолдон чыгып завод жакка буруп, артында отурган менин кийимимди жулкулдатып, кармап алды. Мен коркконумдан эч нерсе дей албай, жадакалса кыйкыра албай калдым. Ал мен жакка өтмөкчү болуп тамекиге окшош бир нерсени сунуштады. Мен баш тартып, ал тамекиге окшош нерсени күйгүзүп жатканда унаадан качып чыкканга үлгүрдүм. Чоң жолго чыгарым менен биринчи келген унаа мени алып кетти. Айдоочу «ал ким, тааныйсыңбы?» дегенинен тааныбасымды, мага тийишип баштаганда качып чыкканымды айттым. Зордуктоого кабылайын дегенимди жолдошума айткандан коркуп, байкеме чалып, окуяны айтып бердим. Унаада менден башка дагы бир аял бар экен, аларга мага кордук көрсөткөн адамды тааныбасымды ишендирүүгө аракет кылдым. Бир маалда ал киши артыбыздан кууп келип, унааны жолдун четине кысып, мени чачымдан тартып башыма чаап баштады. Унаада отурган аял түшүп, эч нерсе дебей башка унааны тосуп кетти. Ал эми айдоочусу жардам бергендин ордуна мени сабаган адамга «түшүрүп кал дагы, өзүңөрчө чечишип алгыла» деп койду. Ошол маалда байкем келип травматикалык тапанча менен мени сабап жаткан айдоочуга капыстан ок чыгарып жиберди. Айдоочу ошол жерде көз жумду.

Менин байкем, менин коргоочум. Ал менин намысымды коргоду. Ал жок болсо, мен эмне болмокмун, билбейм. Менин окуяма кайдыгер карабаган элим, менин үй-бүлөмдү колдоп, билдирүүмдү бөлүшүп бериңиздер,- деп суранган Асель Жумакулова.