«Байлап туруп сабашты». Мыкаачылык менен сабалган адамдын видеосу тарады

Социалдык тармактарда Жалал-Абадда мыкаачылык менен сабалган карыянын видеосу тарап жатат. Видео Жалал-Абад облусунда тартылган деп божомолдонуп, бирок так убактысы белгисиз.

Видеодон карыянын «ооруканага алып баргылачы» дегенин угууга болот. «Жалал-Абаддын Нагорный айылынан болом. Мени Тохир жана дагы 2 адам сабады. Мени өйдө алып барып, байлашты. Бутумду да байлашты. Атым Саипжон Атаназаров«, — деген сабалган карыя.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБ менен байланышканыбызда, окуя такталып жатканын билдиришти.