Бажы инспектору мамлекетке 1 миллион сом зыян келтиргени аныкталды

Түштүк-Батыш бажысынын инспектору мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта инспектор 21-апрелде кармалганы айтылат. Факт бирдиктүү реестрге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен козголду.

«Шектүү Э.И.С. Кыргызстанга товар импорттогон айрым ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өлкөгө киргизилип жаткан жүктөрдөн төмөндөтүлгөн бажы төлөмдөрүн алган. Мындай иш-аракеттерден улам мамлекетке 1 миллион сом зыян келтирилген. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — дешти УКМКдан.