Жеке ишкер бажы жана банк кызматкерлеринин кылмыштуу аракетинен 40 миллион сом зыян тарткан

Башкы прокуратура Бажы кызматынын жана коммерциялык банктын айрым кызматкерлери ишкерди 40 миллион сомдук зыянга учуратканын таап чыкты. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратура «М» деп аталган ЖЧКнын директорунун кайрылуусун текшерүүгө алган. 2018-жылы «М» ишканасы банк аркылуу импорттук бажы алымдарын төлөө үчүн Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын эсеп-кысабына 40 миллион сом которгон. Бирок Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам «Импорттолгон товарларга киреше салыгы» белгиси менен башка эсепке которушкан жана белгиленген ЖЧКга жасалма төлөм кагазын беришкен.

Башкы прокуратура белгилегендей, кийин ЖЧК ошол эле жылы ушул төлөм кагазы менен товарларды алып келген. «Аларды каттоого алууда документтик көзөмөлгө жооптуу болгон бажы кызматкерлери товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес, натыйжада тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптары одоно бузулган», — деп айтылат билдирүүдө. Башкы прокуратура белгилегендей, төлөмдөрдү каттоого алуу боюнча жооптуу бажычылар үч жыл бою бажы төлөмдөрүнүн чегерилишин, которулушун жана кайтарылышын эсепке алышкан эмес жана аталган ЖЧК менен бажы органдарынын ортосунда ай сайын маалыматтарды салыштыруу да жүргүзүлгөн эмес.

Жыйынтыгында март айында бажы кызматкерлери бул мекемеге айып пул салган. Мында ишкерлик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары жана кызыкчылыктары бузулганы билдирүүдө айтылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233 (Коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-беренесинин (Документтерди жасоо) негизинде кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.