Бажы кызматынын мурдагы башчысы 51 миллион сом зыянды кайтарып, үй камагына чыкты

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков 51 миллион сом зыянды кайтарып, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнүн жүрүшүндө, ал тарабынан товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббилөө максатында, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен, акча каражатын пара катары системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы администрациясынан товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон фактылары аныкталды. Мындан тышкары, Адилет Кубанычбеков жеке баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгынына карабай, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Адилет Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сом зыянды кайтарды, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды, ага байланыштуу анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Ушул жылдын январь айында Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп турганда УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Анын кармалышы тууралуу Камчыбек Ташиев «Иштегенине үчүнчү айга кетип жаткан. Эки ай жакшы иштеди. Жарым айда акырын колун бюджетке сала баштаган. Колун мыйзам менен кырка чаптык» деген