Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков күнөөлүү деп табылып, 1 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага 1 миллион сом айып салынган. Соттун мындай чечими 28-апрелде эле чыккан.

Ушул жылдын январь айында Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп турганда УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Анын кармалышы тууралуу Камчыбек Ташиев «Иштегенине үчүнчү айга кетип жаткан. Эки ай жакшы иштеди. Жарым айда акырын колун бюджетке сала баштаган. Колун мыйзам менен кырка чаптык» деген