Бакай-Ата конушундагы Чоң Чүй каналына жеңил унаа түшүп кеткен (сүрөт)

Бакай-Ата жаңы конушундагы Чоң Чүй каналына Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМдин кызматкерлери унааны суудан суучулдардын жана атайын техникалардын жардамы менен алып чыгышкан. Ал жерге 5 куткаруучудан турган топ тартылган. Суудан чыгарылган унааны кайгуул кызматына өткөрүп беришкен. Учурда окуянын жагдайлары аныкталып жатат.