Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды (видео)

Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бакай-Ата бөлүмүнүн жетекчилиги бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен тил табышып, кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине аванс катары мыйзамсыз акча которгону аныкталган.

Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, Бакай-Ата билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 11 миллион сом өлчөмүндө мыйзамсыз акча которушкан.

Бул факты боюнча Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалып, камакка алынды.
Азыркы учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.