Таласта Бакай-Ата районунун акими айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай курууга мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктады. Тергөө иштеринин жыйынтыгында, бул кылмышка Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин тиешеси бар экени аныкталып, ал 11-мартта кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.