Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды (видео)

Бакай-Ата районунун прокурорунун мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Башкы прокуратуранын ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысын (Бакай-Ата району боюнча прокурордун мурдагы орун басары) ишкердик субъектинен 90 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган.

Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы компаниянын жетекчисинен мамлекеттин пайдасына салыктык чегерүүлөргө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Мындан улам, 25-июлда Талас облусунун Айтматов районунун прокурорунун улук жардамчысы 90 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен өз иш бөлмөсүндө кармалды.