Бакай-Атада мыйзамсыз менчикке берилип кеткен 7 миллион сомдук жер тилкеси кайтарылды

Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталган. Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, бардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчике берилип кеткен 7 миллион 770 миң сомго бааланган 2,59 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.