Бакиевдин жактоочусу Конституциялык сотко кайрылды

2010-жылы Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылды. Эми сот Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелеринин Конституцияга шайкештиги текшерилет.

«Айткулов тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана айыптоо актысы менен ишти сотко жөнөтүү жол-жоболорунун жоктугу айыпталуучулардын укуктарын бузат деп эсептейт. Анын айтымында, бул жагдай тараптардын тең укуктуулугу принцибин жана сот адилеттигин камсыздоого тоскоолдук кылат. Кайрылууда субъектиси айыпталуучунун бардык соттук баскычтарга катышуу укугуна кепилдик берилиши керектигин белгиленип, талаш жараткан жаткан ченемдерди Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнөт», — деп жазылган маалыматта.

Конституциялык сот бул кайрылууну өндүрүшкө кабыл алып, алты ай ичинде чечим чыгарарын билдирди.