«Унааны башкара албай бакты сүзгөн». Бишкек-Ош унаа жолунда 31 жаштагы жаран көз жумду

Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында Mercedes Benz Sprinter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен унаанын 1990-жылы туулган айдоочусу каза болуп, 2 аял киши жабыркаган.

Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамдарды чыгарып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирилген, ал эми каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.