Экс-депутат Бактыбек Калмаматов 2 айга камакта калтырылды

Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда УКМК тарабынан кармалган мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды.

Маалыматка караганда, ал 9-февралга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Бактыбек Калмаматов 21-декабрда кечинде «Манас» аэропортунан УКМКга жеткирилген. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин эки суткага УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Эртеси анын кеңсеси менен үйү тинтүүгө алынды. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат.