Бактыбек Калмаматов камакка алынды

Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Исмаил Исаков тастыктады. 

Маалыматка караганда, ал 2 суткага УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми адвокатынын айтымында, Бактыбек Калмаматов 313-беренеге (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) шектелип жатат. Бул жерде так эмне болуп жатканын мурдагы депутаттын өкүлү билберин айтты.

Бүгүн, 22-декабрга караган түнү экс-депутаттын «Манас» аэропортунан чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда анын өлкөдөн чыга албасы белгилүү болуп, УКМКга суракка алынып кеткени маалым болгон