Бала бакчага тиешелүү жердин бир бөлүгү мыйзамсыз сатылган

Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан бала бакчага тиешелүү жердин бир бөлүгүнүн мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 14-сентябрында аталган райондун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер мыйзамдарын бузуу менен жарандардын бирине аянты 650 чарчы метрди түзгөн, “Ак-Кыя” бала бакчасынын баасы 731 миң сомдук жер тилкесин мыйзамсыз түрдө аукцион аркылуу 12 миң 500 сомго гана сатып жиберишкендиги такталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыздар киргизилди.