Лейлекте бала бакчанын кызматкери 6 жаш баланы сүзүп кетти. Бир баланын абалы оор

Бала бакчанын кызматкери 6 жаш баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБиден кабарлашты.
— 2022-жылдын 15-июль күнү саат 11.30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери 43 жаштагы А.А. (аял киши) өзүнүн менчик Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын бала бакчанын короосуна көлөкө жерге коём деп айдап баратып, көлөкө жерде ойноп жаткан бала бакчанын 6 тарбиялануучусун койдуруп кеткен. Жыйынтыгында 2 жаштагы 5, 5жаштагы балдар денесинен жаракат алып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген.
Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2-бөлүгү (Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, 43 жаштагы А.А.нын айдоо күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди. Ал эми жабыркаган жаш балдардын бирөөсү оор абалда.