«Бала бакчанын ордуна үй салган». «KG Групптун» негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалды

Курулуш компанияларынын биринин негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаранын алкагында кылмыш иши козголуп, анын жүрүшүндө курулушка жарыяланган социалдык объектинин ордуна ижарачылар тарабынан турак жайларды мыйзамсыз куруу фактылары аныкталган.

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы № 417 токтомуна ылайык, «О» ЖЧКсына бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакча салынуусу аныкталды. Буга карабастан, «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн. Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган. Ошентип, мамлекетке 52 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин төлөнбөй келген.

26-октябрда тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.