«Бала болбойт, укол менен кармап турабыз дешти». Ивановка айылында 3 жашар бала 3-кабаттан кулап кеткен

Чүйдүн Ивановка айылында 3 жашар бала көп кабатуу үйдүн 3-кабатынан кулап кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуяга кайдыгер карабаган Алтын Курманбаева билдирди. Анын айтымында, наристе апасы жана таенеси менен жашайт. Апасы 26 жашта, ал эми таенеси 58 жашта.

«Мен 5 жылдан бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип келем. 8-июнда эмнегедир ошол үйгө  Москвадан келген кийимдерди берип коёюн деп баргам. Барсам көп кабаттуу үйдүн алдында терезеден кулап кеткен 3 жаштагы бала жатыптыр. Эч ким көрбөптүр. Дароо Ысык-Ата ооруканасына алып барып, дарыгер менен сүйлөштүм. Оң тарабы менен түшкөн окшойт, башынын оң тарабы жанчылып калган. Дарыгердин айтымында, анын денесинде көгала тактары да бар экен. «Бала болбойт, укол менен гана кармап турабыз» дешти. Ички органдары да жабыркаган окшойт. Менин угушумча, ошол учурда баланын таенеси дүкөнгө кеткен экен», — деди Алтын Курманбаева.

Ал эми баланын апасы бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.