Баланын өлүмүнөн кийин камакка алынган 5 дарыгердин иши сотко өттү

Бишкектеги ооруканалардын биринде баланын өлүмү катталып, 5 дарыгерге кылмыш иши козголгон. Алардын иши сотко өттү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден билдиришти.

Өткөн жылдын 14-ноябрда «102» кызматына өлүкканадан чалуу түшүп, анда кичинекей баланын жансыз денеси түшкөнү айтылган. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынып, тергөө башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө, бала ооруканалардын бирине 13-ноябрда ашказанынын ооруганына арыздануусу менен түшкөнү, ошол эле күнү реанимация бөлүмүнө которулгандыгы аныкталган. Ошол ооруканада бала эсине келбей көз жумган. 

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1962, 1955, 1994, 1990, 1981, 1995-жылы туулган дарыгерлер бөлүмгө жеткирилип, камакка алынып, кийин үй камагына чыгышкан.