«Балапаным ай… Кылыктары чыгып турган убакта кетип калды». Аксыдагы селде 6 жакынынан айрылган Айгүл Эсенованын күйүтү

12-июлда Аксыда сел жүрүп, суу 8 адамды алып кеткен. Ошол эле күнү 6 адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми 5 жаштагы бала менен 3 жаштагы кыздын сөөгү дайынсыз болуп жаткан. 2 күндөн кийин, 14-июлда 3 жаштагы Фатиманын жансыз денеси табылып, сөөгү жакындарына өткөрүп берилген. Ал эми 5 жаштагы Айдардын сөөгү дагы деле, 5 күндөн бери табыла элек. Ошол эле күнү сел алып, каза болгондордун алтоо бир үй-бүлө мүчөсү экени маалым болгон. Үй-бүлө башчысы Нурлан Шайыбеков буга чейин жоготкон жакындарынын акыркы күнүн айтып берген эле.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нурлан Шайыбековдун жубайы Айгүл Эсенова ошол күнкү окуяны айтып, күйүтү менен бөлүштү.

«Мен ошол күнү Караванга ооруканага кеткем. Түштөн кийин келсем үйдө бир кызым калган экен. Эки баламды алып, жолдошум чөпкө кеткен экен. Кичинкей кызым менен улуу кызым үйдө жок экен. «Чоң энесине кетти деди». Барып-келип эле турушчу. Мындай болуп калат деп эч ким ойлогон жок да. Жолдошум «барсаңар барып келгиле» деп жөнөткөн экен. Жүрөгүм сезип эле үйгө чуркап кирдим. Келаткан үн жаман болуп жатат. Барып келчи дедим. Кийимин алып эле жөнөдү. Барып эле кыздарымды таппай калды. Кайненем, кайын сиңдим эки баласы менен жок. 

Улуу кызым кагылайыным, бир башкача билими күчтүү эле. Өзү негизи англис тилин, математика сабактарына басым жасачу. Тазалыгы да бир укмуш эле. Кек сактабаган, супсулуу болгон кызым бар эле. Ыйманы укмуш эле. Бардык ишимди колумдан алып… Арманда калдым… Кичинекейим 6-ноябрда үчкө чыкмак. Кылыктары чыгып турган убакта кетип калды. Балапаным ай… Айлам жок калдым. Калгам 2 балам, 2 кызым бар. Дагы шүгүр, ошолорум аман. Дагы жакшы сөөктөрү колдорубузга тийгенине. Таппай калсак эмне болот эле… Кудайдын сыноосу экен. Ар бир баламдын орду бөлөк эле. Эми ордуларын толтура албайм го… 

Кагылайын апам, эч бир катуу айтпаган жан эле. Эркелетип жүрүп өтүп кетти. Азаптын баарын мага салып кетти. Көрсө, эркелеп ал деген экен да«,- деди ал.