Инстаграмдагы black_list.kg баракчасына уулу ооруканага түшкөн апа кайрылып, окуя тууралуу айтып берди. Анын айтымында, окуя 22-декабрда болгон. Уулу баш мээси чайкалып, белиндеги оору менен ооруканага түшкөн.
«Мен балдарымды тамактануучу жайга алып барып, баштыкка пицца, момпосуй салып берип, достору менен үйгө жөнөткөм. Алар мектептин жанынан өтүп бара жатышса, чоң класстын окуучулары чакырган экен. Алардын бири балдардын колундагы баштыгын тартып алыптыр.
Үйгө кетип бара жатышса, артынан түшүп, баштыктарын аңтара баштаптыр. Кезек менен улуума жеткенде ал баштыгын бербей турганын айткан. Ал бала кичүү уулумду тепкилей баштаганда улуусу ага болушуптур. Андан соң өспүрүм акча талап кылып, чөнтөгүнөн бир сом таап алса, жаман болорун айткан. Өспүрүм менин баламды прогибге чаап, башына тепкен», — деген баланын апасы.
Бул боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, арыз түшкөнүн билдиришти. «22-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Москва көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинен 2013-жылы туулган уулуна өспүрүм бала залал келтирип, акча талап кылгандыгын көрсөткөн. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, тергөө башталган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат», — дешти.