«Баласын жолдошунан алууга аракет кылган». Ошто 35 жаштагы келин 10-кабаттан секирүүгө аракет кылган себебин айтты

Бүгүн, 29-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 10-кабаттан секирүүгө аракет жасаган аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 14:00 чамасында Ош шаарынын Джим-1 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынын коридорунда жайгашкан балкондон өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аялды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын чакыруу боюнча барган кызматкерлери куткарып калышкан. Аны алаксытып, кармап калууга үлгүрүшкөн. Куткарган милиционерлер Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү Бектур Атаназаров жана аймактык инспектор Бакыт Сулайманов. Милиция кызматкерлери куткарылган аялды Тез жардам кызматына, ӨКМ кызматкерлерине көрсөтүшүп, андан кийин тергөө кызматына алып барышкан.

Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аял 1986-жылы туулган. Аялдын берген алгачкы көрсөтмөсүнө ылайык, ал жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөн. Анын кенже баласын сот чечими менен атасына калтырылган. Ошол баласын кайтарып алуу үчүн ушундай ишке баргандыгы тууралуу аялдын айткан маалыматы текшерилип жатат. Ажырашкан жубайлардын ортосунда 6 баласы бар, Кара-Суу районунун тургундары.