Балдар аянтында кызга кол көтөргөн жарандын окуясы. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон жок (видео)

14-июль күнү балдар аянтында мушташып жаткан балдарды ажыраштырган 18 жаштагы кызды коркутуп кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден маалымдашты.

— Аталган факты Ленин РИИБге катталган. Окуяга байланыштуу 1990-жылы туулган А.Ж. кармалып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө бөлүмүнө жеткирилди.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-берененин 1-бөлүмү 2-пунктунун (курамында кылмыш иши жок жагдай) негизинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу жаранга карата кылмыш иши козголгон эмес.

Ошондой эле аталган жаранга мыйзам чегинде чара көрүү максатында материалдардын көчүрмөсү Ленин РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына ишти Ленин райондук сотуна өткөрүп берүү үчүн жөнөтүлгөн.