Балдарды мыйзамсыз багып алып, сатууга шектелген кылмыштуу уюм аныкталды

Чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргыз жарандарынан турган туруктуу трансулуттук кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «адам сатуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жашы жете элек балдарды мыйзамсыз асыроого жана андан ары сатуу максатында аларды Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу боюнча Кыргызстандын жана чет өлкөнүн жарандарынан турган туруктуу трансулуттук кылмыш уюмунун ишмердигине бөгөт коюлду.

Аталган кылмыштуу уюм 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай айла-амалдардын, паракорчулуктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жолу аркылуу социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө, Кыргыз жарандарынын балдарына толук камкордук көрүү укугун алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө-ыкчам иш-аракеттердин жана тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 20-сентябрда тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.